КырРус
Государственный герб Кыргызской Республики
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

ӨЛКӨ СЫЙМЫГЫ

ИШМЕРДҮҮЛҮК

Аймак

Окуялар

24 мая 2021

Кайрат Иманалиев эстрада ишмерлери менен жолукту

Бүгүн, 24- майда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Кыргызстандагы эстрада ишмерлери, ырчылар, композиторлор, аранжировщиктер жана белгилүү продюсерлер менен жолукту. Жолугууга тармактын эл артисттери, эмгек сиңирген артисттер жана жаңы өсүп келе жаткан жаш муундун өкүлдөрү катышты. Жыйындын алкагында эл аралык жана республикалык эстрада жанры боюнча фестивалдарды жандандыруу, окуу жайлардагы эстрада бөлүмдөрүнүн окутуу программалары, дегеле бул багыттагы приоритеттүү жагдайлар талкууланды. Кайрат Иманалиев жолугушуу учурунда эстрада тармагынын өкүлдөрүнө буга чейин тиешелүү көңүл бурулбай келгендиги, мамлекеттик сыйлык маселелери, эстрада вокалисттеринин Кыргызстанды эл аралык денгээлде таанытуусу , автордук укуктар жаатында ой бөлүшүп, Маданият министрлиги менен тыгыз байланышта иш алып баруу демилгесин көтөрдү. Жолугушууга келген эстрада ишмерлери министр Кайрат Иманалиевдин бул тармак өкүлдөрү менен жолугушуу уюштуруп жаткандыгына ыраазычылык айтып, министрлик тарабынан тарабынан жасалып жаткан иш-аракеттерге колдоо көрсөтө тургандыгын билдиришти. Эстрада тармагы маданияттын жана искусствонун ажырагыс бир бөлүгү экендиги баарыбызга белгилүү. Бул тармактын түзүлүү тарыхы бар. 2022-жыл кыргыз эстрадасынын түптөлгөнүнө 55 жыл толот.Бул багыттын түптөөчүлөрүнө мамлекеттик денгээлде көңүл бөлүү зарылчылыгын ортого салышты. Өз кезегинде Кайрат Иманалиев ар бир өкүлдүн суроолоруна жооп берип,мындан ары бул тармак менен тыгыз иш алып баруу үчүн атайын адис бөлүнгөндүгүн маалымдады. Ошондой эле, иштин кызыкчылыгы жана конкреттүү кадамдарды жасоо үчүн, жаңыдан түзүлүп жаткан Эстрада ишмерлеринин коомдук уюму менен укуктук талаада иш алып баруу маселеси айтылып, тиешелүү чечимдер коллективдүү болуусун кошумчалады. Мындан сырткары, министр эстрада тармагында жасала турган иштер арбын экендигин баса белгилеп,жакынкы күндөрү өлкөбүздө эстрада театрын ачуу менен анын ишмердүүлүгүнүн алгачкы кадамдары аныкталды.Аны менен бирге аймактардагы таланттуу жаштарды алып чыгуу жана гастролдорду уюштуруу сындуу иштери жолугушуу учурунда колдоо таап, алгачкы кадамдар башталды. Эске салсак, бүгүнкү күндө Кыргызстанда эки миңден ашуун эстрада кызматкери эмгектенет.

толук окуу

Акыркы окуялар

“Жаңы муун” сынагы өтөт

20 мая 2021

“Жаңы муун” сынагы өтөт

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясы Sound KG компаниясынын көмөгү менен жаш аткаруучулардын биринчи республикалык “Жаңы муун” сынагын жарыялайт. Сынакка 14 жаштан 25 жашка чейинки пианистер чакырылат Сынак Кыргыз Улуттук Консерваториясында 2021-жылдын 4-8-июнь күндөрү өткөрүлөт. Сурап билүү телефону: +996 559 435 524

толук окуу
Маданият министрлиги Казакстандын Нур-Султан шаарында Манастын эстелигин жаратуу боюнча ачык чыгармачыл сынак жарыялайт

20 мая 2021

Маданият министрлиги Казакстандын Нур-Султан шаарында Манастын эстелигин жаратуу боюнча ачык чыгармачыл сынак жарыялайт

Маданият министрлиги Казакстандын Нур-Султан шаарында Манастын эстелигин жаратуу боюнча ачык чыгармачыл сынак жарыялайт.   Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы кызматташтыктын Комплекстүү планын ишке ашыруу максатында Нур –Султан шаарына (Казакстан) Манас эстелигин орнотуу үчүн ачык чыгармачыл сынак жарыялайт.   Нур-Султан шаарында Манастын эстелигин түзүү боюнча ачык чыгармачыл сынак өткөрүү жөнүндө Жобо   1. Жалпы жоболор 1. Нур-Султан шаарында (Казакстан) Манас эстелигин жаратуу боюнча ачык чыгармачыл сынак Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын 2020-2022-жылдарга кызматташтыктын  комплекстүү планына ылайык өткөрүлүп жатат. 1.1. Сынактын негизги уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, өнөктөштөрү - Сүрөтчүлөр Союзу жана Кыргыз Республикасынын Архитекторлор Союзу. 1.2. Манастын эстелигин орнотуучу жер: Казакстан Республикасы, Нур-Султан шаары, А.Жубанов менен А. Пушкин көчөлөрүнүн кесилиши;  1.3. Сунушталган долбоорлорду  тандоо министрликтин кеңейтилген курамындагы Көркөм эксперттик комиссиясы (КЭК), көзкарандысыз архитекторлордун, сүрөтчүлөрдүн, скульпторлордун жана искусство таануучулардын катышуусунда жүргүзүлөт.  1.4. Сынактын жыйынтыгы боюнчааткарылууга даяр эстеликтин жумушчу долбоору  анын жалпы концепциясына,  айлана-чөйрөнүн өзгөчөлүктөрүнө жана  анын айлана- чөйрөсүнө дал келиши керек.  2. Максаттар жана милдеттер  Сынак Айкөл  Манастын образын терең жана мазмундуу чагылдырган эстеликтин мыкты долбоорун тандоо максатында өткөрүлөт;   - Эпостун баатыры  Манастын даңазалоо; - кесипкөй скульпторлордун, сүрөтчүлөрдүн жана архитекторлордун демилгесин, алардын коомдук ишмердүүлүгүнө демилге берүү. 3. Сынактын катышуучулары Эстеликтин долбоорун түзүү боюнча сынакка кесипкөй скульпторлор, сүрөтчүлөр, архитекторлор гана катыша алышат.  Долбоорго бир автор же авторлор тобу катышуусу мүмкүн. 4. Сынактын талаптары жана шарттары  4.1. Эстеликтин көркөм чечмелениши эпостун өзгөчөлүктөрүн жана ошол эле учурда Манастын тарыхый инсандыгын, Кыргызстандын урууларын бириктирүүдөгү, чет элдик баскынчылардан аймакты коргоодогу эмгеги чагылдырышы керек. 4.2. Сынактын уюштуруучулары эстеликтин форматын, материалын, стилин жана композициялык чечимин авторлордун (авторлордун топторунун) кароосуна калтырышат; 4.3. Эстеликтин долбоору  автордун калоосу боюнча эстеликтин жана постаменттин көлөмдүк-мейкиндик чечилишин, ошондой эле чектеш аймактын пландаштыруу жана ландшафттык чечими, жашылдандыруу элементтерин , декаративдик  төшөөлөрүн, чакан архитектуралык формаларын, чырактардын,  ошондой эле татаал көркөм жана скульптуралык композицияны түзүү боюнча башка ыкмалар камтылышы керек. 4.4. Эстеликти жаратууда, анын композициялык биримдигин жана анын курчап турган чөйрөсүнүн масштабына  дал келтирүү керек. 4.5. Эстеликтин жана постаменттин көркөм чечимин иштеп чыгууда кошумча элементтерди колдонууга уруксат берилет, бирок милдеттүү эмес. 4.6. Архитектуралык жана долбоордук чечим боюнча жумуштар жогорку оң бурчунда беш орундуу санариптик белгиси бар катуу планшеттерде болушу керек. 4.7. 4.7. Сынактык долбоор төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: Башкы пландын схемасы (масштабы авторлордун каалоосу боюнча); - архитектуралык жана скульптуралык эстеликтин макети (масштабы, көлөмү жана бийиктиги авторлордун каалоосу боюнча); - кошумча графикалык жана сүрөт материалдар (авторлордун каалоосу боюнча); - монументалдык-скульптуралык композициянын ар кандай көркөм-образдуу чечимдери кошумча тиркелиши мүмкүн.   5. Сынактын уюштуруу 5.1. Сынак төмөнкүлөрдү камтыйт: эстеликтин эскизине сунуштама, эстеликтин идеясын (көзөмөсүн) сүрөттөө, автордун же авторлор тобунун кыскача презентациясы (резюме). Бардык керектүү материалдарды берүү фактысы конкурска билдирме катары каралат.  5.2 Сынактык  комиссия талапкерлердин арасынан мыкты чыгармаларды тандайт. Зарыл болгон учурда, көрсөтүлгөн долбоорлорду андан ары өркүндөтүү боюнча каалоолорун жана сын-пикирлерин билдирет. 5.3. Эстеликтин макетин көргөзүү учурунда ташуу жана ишенимдүүлүктү камсыз кылган ар кандай материалдар кодонулат. 5.4. Сынак жашыруун өткөрүлөт, жыйынтык чыгаруудан мурун катышуучулардын ысымдары сыныктын жыйынтыктары бүткүчө ачыкка чыгарылбайт. 5.5. Анонимдүүлүктү сактоо максатында сыныктык долборлор беш орундуу сандар менен жазылган ураандар менен берилет. (сандарды конкурсанттардын өздөрү тандайт), алар конкурска келип түшкөн сынактык долбоордун бардык материалдарынын төмөнкү оң бурчунда, ошондой эле ураан конвертте билирилет; 5.6. Бир автор (авторлор тобу) сынакка бирден үчкө чейин долбоорду киргизе алат, алардын ар бири өзүнүн ураан номери менен берилиши керек; 5.7. Коштомо жазууда  (сыпаттамада) эстеликтин сунуш кылынган чыгармачыл чечиминин негизги идеясын жана анын архитектуралык бөлүгү менен байланышын чагылдырышы керек. 5.8. Автор фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын, билимин жана адистигин, почта жана электрондук почта даректерин жана байланыш телефонун толугу менен жазуусукерек, ошондой эле мурда аткарылган олуттуу иштерди кыскача баяндоосу  керек. 5.9. Сынактын катышуучулары өндүрүү материалдарын, чыгымдардын, ошондой эле, аларды ташууга кеткен чыгымдарын өз мойнуна алат. 5.10. Лауреаттардын катарына кирбей калган сынактын катышуучулары сынактын долбоорун өз эсебинен конкурстун жыйынтыгы чыккан күндөн тартып үч күндүн ичинде алып кетүүгө  милдеттүү. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда, уюштуруучу талап кылынбаган долбоорлордун коопсуздугу үчүн жооп бербейт. - сынактык долбоордун пластикалык жана көркөм образынын экспрессивдүүлүгү; - идеянын оригиналдуулугу жана эстеликтин долбоорун аткаруунун жана сунуштоонун кесипкөйлүгү. - эстетикалык таасирдин деңгээли; 7. Сынактын жыйынтыгын чыгаруу 7.1. Сынакка катышуу үчүн берилген иштер комиссия тарабынан каралат; 7.2. Комиссиянын жеке курамы министрликтин буйругу менен конкурстун жыйынтыгын чыгарганга чейин кошумча бекитилет; 7.3. Комиссия терең талкуу жүргүзүп, акыркы чечимди ачык добуш берүү менен кабыл алат. 7.4. Комиссиянын жыйналышы анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде 2/3 катышкан учурда мыйзамдуу болот. Комиссиянын ар бир мүчөсү бирден добушка ээ. 7.5. Комиссиянын чечими протокол менен түзүлөт, ага бардык мүчөлөр кол коет жана анын төрагасы бекитет. 7.6. Сынактын жыйынтыгын чыгарууда, сынактын катышуучуларын сыйлоо жөнүндө комиссиянын чечими чыккандан кийин, сыйланган сынактык долбоорлордун девиз конверттери гана ачылат. 7.7. Сынакты өткөрүүгө Министрлик тарабынан 300 000 сом өлчөмүндө акча каражаты каралган. 7.8. Сынактын жыйынтыгы боюнча төмөнкү сыйлыктар белгиленди: Биринчи сыйлык - 150 миң сом, Экинчи сыйлык – 100 миң сом. Үчүнчү сыйлык - 50 миң сом. 7.9. Комиссиянын ыйгарым укуктарына сынактын шарттары менен аныкталган акчалай сыйлыктарды берүү жөнүндө сунуштама киргизүү кирет. 7.10. Биринчи сыйлыкка татыган авторлор жамааты (автор) долбоорду андан ары иштеп чыгуу жана ишке ашыруу укугун алат. 7.11 Комиссиянын  мүчөсүнө талкуунун жүрүшү жөнүндө маалыматты жарыялоого тыюу салынат; 7.12. Эмгектер 2021-жылдын 24-августуна саат 16: 00гө чейин Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм сүрөт музейинде кабыл алынат. Сынактын жыйынтыгы 2021-жылдын 25-августунда чыгарылат. 7.13. Сынактын катышуучулары өзүнүн  иш шаймандары, эскиздерди көргөзүү үчүн подиумдар менен камсыздоосу керек. 7.14. Долбоорлордун материалдары Бишкек, Ж.Абдрахманов 196, Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейине жөнөтүү керек. Байланыш: 0312 62-11-27, 66-43-24; 66-47-18.    

толук окуу
Белгилүү композитор, Кыргыз Республикасынын эл артисти Калыйбек Тагаевдин эскерүү жумалыгы Нарында өтөт.

20 мая 2021

Белгилүү композитор, Кыргыз Республикасынын эл артисти Калыйбек Тагаевдин эскерүү жумалыгы Нарында өтөт.

Белгилүү композитор, Кыргыз Республикасынын эл артисти Калыйбек Тагаевдин эскерүү жумалыгы Нарында өтөт. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, 2021-жылдын 20-майынан тартып 26-майына чейин Нарын облусундагы Министрликтин аймактык бөлүмдөрү, театр оюн-зоок мекемелери, балдардын музыкалык жана искусство мектептери Кыргыз Республикасынын эл артисти Калыйбек Тагаевдин эскерүү жумалыгын өткөрөт. Ал эми , 2021-жылдын 26-майында саат 18:00дө жумалыктын жыйынтыктоочу бөлүгү М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрында белгилинет. #Барболмаданиятадамы

толук окуу

Анонстор

2021- жылдын 26-мартында саат 14:00дө Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Абай атындагы Кыргыз-Казак маданий борборунда казак жазуучусу жана илимпоз Мухтар Ауэзовдун "Абай жолу" китебинин кыргыз тилине ылайыкташтырылган котормосунда бет ачары өтөт.

25 марта 2021

2021-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Нурканбек Турсунбаевдин 80 жылдыгына карата А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын малахит залында саат 18:00дө Нурканбек Турсунбаевдин патриоттук ырларынын концерти өтөт.

18 марта 2021

21 января 2021 г. в 11 час. в Национальной библиотеке Кыргызской Республики  им. Алыкула Осмонова состоится презентация книги «Ата-Бейит» («Земля отцов») известного современного писателя Асана Ахматова и общественного деятеля, заслуженного работника образования Кыргызской Республики Розы Айтматовой.

13 января 2021

МИНИСТРЛИКТИН ВЕДОМСТВОЛУК БӨЛҮМДӨРҮ

КИНЕМАТОГРАФИЯ ДЕПАРТАМЕНТИ
КИНЕМАТОГРАФИЯ ДЕПАРТАМЕНТИ
ТУРИЗМ ДЕПАРТАМЕНТИ
ТУРИЗМ ДЕПАРТАМЕНТИ
МААЛЫМАТ ЖАНА МАССАЛЫК КОММУНИКАЦИЯЛАР ДЕПАРТАМЕНТИ
МААЛЫМАТ ЖАНА МАССАЛЫК КОММУНИКАЦИЯЛАР ДЕПАРТАМЕНТИ

Долбоорлор

1 января 1970

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жөнүндө

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – бул Кыргыз Мамлекетинин эл аралык денгээлдеги эң ири долбоор. Көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандырып жана сактап калуу максатында 2012-жылы Кыргыз Өкмөтү тарабынан демилгеленген. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруучусу Дүйнөлүк этно оюндар конфедерациясы. Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында 9нан 14-сеньтябрь күндөрдүн аралыгында өткөрүлдү. Анда 19 мамлекеттен келген 583 спортчу күч сынашты. Мелдеш этноспорттун 10 түрүнөн өткөрүлдү. Маданий иш чараны өткөрүүдө 1200 адам катышты. Телеберүү аркылуу 230 млн көрүүчүнү камтыды.

толук окуу

Баардык долбоорлор

МИНИСТРДИН КАРТАДАГЫ ОКУЯЛАРЫ ЖАНА САПАРЛАРЫ

ИНФОРМ РЕСУРСТАР